Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды

Ысык-Көл облусунда миграция мыйзамдарын бузган 36 жаран аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-3-июнь күндөрү облус аймагында «Мыйзамсыз мигрант-ЖККУ — 2026» операциясы өткөрүлүп, анын алкагында чет элдик жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект текшерилген.

УКМКнын маалыматы боюнча, беш өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Натыйжада КР аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 жаран аныкталган. Мыйзам бузуучуларга айып пул салынып, аларды республиканын чегинен тышкары чыгаруу (депортациялоо) пландалууда.