
Кадамжай районунда 16 жаштагы өспүрүм мотоцикл менен тоодон кулап, каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, окуя 28-майда катталды. АА. аттуу өспүрүм жаңы сатып алынган спорттук “Эндура” мотоцикли менен Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, кулап кеткен. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам, тез жардам унаасында ооруканага жетпей жолдо каза болгон.
Факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) Маалыматтарды электрондук каттоо журналына (МЭЖ) катталып, милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тергөө иштерин жүргүздү.
Баштапкы тергөөнүн маалыматтарына ылайык, өспүрүм мотоциклдин башкаруусун жоготуп, жыгылып кеткен.
Милиция кызматкерлери кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда Кадамжай РИИБ текшерүү иштери улантууда.






