Бейөкмөт мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү

Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү. Change.org платформасында активисттер бул демилгени кайтарып алуу үчүн кол топтоп жатышат.

«Депутат Надира Нарматова жана Жогорку Кеңештин башка депутаттары «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. Жыйынтыгында “чет элдик өкүл” түшүнүгү киргизилип, ошондой эле катардагы жарандык активдүүлүк үчүн колдонула турган кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы көз карандысыз маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин талкаланышына алып келет. Мунун баары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына, ичүүчү сууга жетүү, сапаттуу мамлекеттик кызматтарга ээ болуу жана башка көптөгөн нерселерге таасирин тийгизет.

Биз, Кыргызстандын жарандары, чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз. Биз конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоого, ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоого чакырабыз. Биздин өлкө эркин бойдон калуусу зарыл», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

nko 1 Бейөкмөт мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү