УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды

Бул тууралуу УКМКан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан радикалдуу диний агымдардын жактоочуларынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган ЭТУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар, издөөдө жүргөн жарандар, анын ичинде коңшу мамлекеттердин жарандары аныкталды.

Алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 256-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 2023-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү жана алардын байланыштары жашаган жерлери боюнча, санкцияланган издөө иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экенин көрсөткөн, чет мамлекеттердин айрым жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүрүшү боюнча материалдар алынды, ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар диний билимге тартылып, мыйзамсыз иштеп жаткан хужранын ишмердүүлүгү аныкталды.

Учурда алардын бири М.У.Н. аттуу жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, калган адамдарга карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.

af66bca6 e9a3 4d10 94fa 8e8f0b766081 УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды
5f787145 5b18 4532 a3e8 1a210e2d32a2 УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды
7e5dfac4 e4c8 4fb7 b270 207e94c8d579 УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды
32c10fd4 fa84 44de 9f09 670a6065b9e0 УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды
75d64b1c 2647 4a5a 8aa8 b2642d0d57e0 УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды
581292cc e143 4ccd 9261 4e7f6684fe30 УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды
8389aa14 201a 45ed 9cd1 41d95a46255a УКМК: ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды