Жаңы-Жер айылында жол кырсыгы катталды

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жол кырсыгы катталды.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-июнь күнү саат 13:30 чамасында Ош—Баткен— Раззаков жолунда Кадамжай районунун Миң-Чынар айлынын тургуну «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаасын күн батыштан чыгышты карай башкарып бара жаткан.
Жеңил автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, жол четиндеги тал дарагын сүзүп, суу лотогуна асылып калган.Унаанын ичинде айдоочу менен бирге жаш жигит болгон. Бактыга жараша кырсыктын кесепетинен эч ким каза болгон эмес.

1953018. Ef371cd26628e1247c936095e961353b жаңы-жер айылында жол кырсыгы катталды