“Сугат суу жок”: дыйкандар митингге чыгышты

Бүгүн, 19-июнда Бишкекте дыйкандар эски аянтта министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын имаратынын жанына чогулушту. Алар сугат суунун жоктугуна нааразы болушууда.

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын кызматкерлери белгилегендей, митингге Ысык-Ата районунун дыйкандары чыгышты. Анда Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев дагы бар.

Митингге 30га жакын дыйкан катышты. Алардын жанында укук коргоо органдарынын кызматкерлери турат.