Кыргызстанда канча унаа бар? Жооп

2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1 миллион 113 миң 30 унаа катталган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Алсак, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Бишкекте 317 288 автоунаа катталган. Ал эми Ош шаарында 74 миң 738 унаа расмий каттоодон өткөн.

Белгиленгендей, шаарларда автоунаалардын саны алардын калкынын тез өсүшүнөн кийин өсүп жатат.

Кошумчалай кетсек, учурда Бишкектин калкы 1,1 миллион адамды, ал эми Ош шаарынын калкы 361 миң адамды түзөт.