Өзбекстанда жаран эки кызын жана уулун бычактап өлтүрүп, өзүнө да кол салды

Самарканддын 36 жаштагы тургуну Израилде иштеп жүргөн аялы менен телефондо урушуп кетип, эки кызын жана уулун бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, тургун 10, 12 жана 13 жаштагы балдарын өлтүргөндөн кийин бычак менен өзүн жүрөк тушка сайган. Ал ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

Бул факты боюнча “Атайылап адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.