Футбол: Кыргызстан Иранга 1:5 эсебинде жеңилди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иран командасынан 1:5 эсебинде утулду.

Беттештин биринчи бөлүгүндө чабуулчу Мирлан Мурзаев атаандаштарынын дарбазасына бир гол киргизди.

Ал эми Иран курамасы жалпы беш гол киргизди.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюнга 9927 адам күйөрмандык кылууда. Ак шумкарларды колдоп, президент Садыр Жапаров дагы келди.

CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өтөт. Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Афганстандын жана Ирандын курамалары менен ойноду. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.