Баткенде ишкерди алдоо жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жаран изделүүдө

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көруп берүүнү суранган.

“2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров алектенмей болгон. 2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен 2023-жылы жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен”, – деп айтылат маалыматта.


Аталган факты боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Жогорудагылардын негизинде Добурбек Кадыровдун жүргөн жерин аныктоо жана кармоо максатында Баткен ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюңуздарды суранабыз: 03622 5-01-24, 0555-57-50-70, 0557-78-62-78.