Сууга рейд: 49 миңге жакын үй текшерилип, 302 мыйзам бузуу аныкталды

Таза сууну сарамжалдуу пайдалануу жана жашыл бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча рейд учурунда “Бишкексууканал” ӨЭБсынын кызматкерлери борбордогу 49 миңге жакын үй ээликтерин текшеришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 302 мыйзам бузуу аныкталган.

Мэриядан билдиришкендей, «Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерин» бузгандыгы үчүн суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлеринин мыйзам бузууларына 8 миң 231,76 сом өлчөмүндө эсептелген.

«Бишкексууканал ӨЭБсынын контролёрлору ичүүчү сууну сарамжалдуу эмес пайдалануу боюнча күн сайын рейддерди жүргүзүшөт. Бул сезондук көйгөй жеке сектордун жашоочулары огороддорун, жеке участокторун сугарып, бассейндерди жана башка сыйымдуулуктарды толтуруп сууга активдүү киришкендигинен улам келип чыгууда»,-деп жазылат маалыматта.