Жарнактарда кыргыз тилин колдонбогон компания менен дүкөндөргө айып салынды

“АмурКг” жана “Таев” кийим-кече дүкөндөрүнө, ошондой эле “Имарат Строй” курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу КР Монополияга каршы кызматынын сайтында маалымдалды.

Айып салууга Кыргызстандын аймагында жарнактарда кыргыз тилин колдонбогондугу себеп болгон.

“АмурКг” жана “Таев” кийим-кече дүкөндөрү, ошондой эле “Имарат Строй” курулуш компаниясы тараткан жарнактарда мамлекеттик тилде маалымат болгон эмес”, — деп жазат антимонополия.