ВИДЕО: Бишкекте түн ортосунда жаранды тоногон адам кармалды

Бишкекте тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция Д.Ж. аттту жаран кайрылып, 16-майга караган түнү Рыскулов менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран күч колдонуп, 15 миң сомдук Redmi Note 9 телефонун жана 5 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

whatsapp image 2023 06 05 at 13 46 48 ВИДЕО: Бишкекте түн ортосунда жаранды тоногон адам кармалды