Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду 

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү кинорежиссер, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачуу аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, залкардын элеси түшүрүлгөн эстелик Бишкек шаарындагы Октябрь кинотеатрынын жанына орнотулду.

Салтанатта Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган жетекчилер, залкар таланттын замандаштары, туугандары жана шакирттери болду.

Иш-чарада Төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, улуу инсандын өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин белгиледи.

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” – дегендей, Дооронбек ага көп кырдуу талант эле. Биз аны улуу кинорежиссер, таланттуу акын, мыкты актер жана даанышман саясатчы катары билебиз. Анткени, тарткан тасмалары, жазган чыгармалары менен катар саясий айдыңда айткан жалындуу сөздөрү менен да өзгөчөлөнүп турчу. Кара кылды как жарган калыстыгы жана чындыкты таамай айткан асылдыгы менен да башкалардан айырмаланчу», – деди ал.

Ошондой эле төрага Дооронбек Садырбаев көзү тирүү кезинде эле жалпы кыргыз элинин жүрөгүнө түбөлүк эстелик тургузуп кеткенин айтып, анын элеси эч качан унутулбай турганын кошумчалады.

«Улуу калемгер Аалы Токомбаев «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей, залкардын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү келечекте да айтылат. Анткени, Дооронбек агабыз өз доорунун гана эмес, келечектин да үлгү тутар улуу инсаны», – деди Шакиев.

Эскерте кетсек, КР Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Көзү тирүү болгондо ал 84 жашка чыкмак.

050623134331 20 1024x683 1  Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду 
050623134147 08 1024x683 1  Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду 
050623134156 15 1024x679 1  Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду 
050623134149 10 1024x683 1  Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду 
050623134138 02 1024x662 1  Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду