Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат

Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Аталган мекеменин директору Урмат Карыбаев даярдалдып жаткан эстеликтин үлгүсү менен таанышкан.

«Байтик баатыр – көрүнүктүү тарыхый инсан. Бишкек шаарынын тургундары анын эстелигин орнотуу тууралуу көптөн бери сунуш айтып келген. Жакында эле шаардын түштүк тарабында – Масалиев көчөсүнүн жогорку жагында – Байтик баатыр атындагы сейил бак ачылган. Эстелик сейил бактын борборунда же кире беришинде орнотулат», — деди Карыбаев.

Байтик баатырдын эстелигинин автору — белгилүү скульптор Адил Сейталиев.

1024x682xphoto 2022 10 02 22 56 00.jpg.pagespeed.ic.QfsBftH4ZL Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат
1024x682xphoto 2022 10 02 22 55 56.jpg.pagespeed.ic. w4e0gsXu Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат
1024x682xphoto 2022 10 02 22 56 03.jpg.pagespeed.ic.PvdftCqX7k Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат
1024x682xphoto 2022 10 02 22 55 Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат
1024x682xphoto 2022 10 02 22 56 02.jpg.pagespeed.ic.4UJ 9RppQ8 Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат
1024x682xphoto 2022 10 02 22 55 59.jpg.pagespeed.ic.7MTSr5my i Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат
1024x682xphoto 2022 10 02 22 55 57.jpg.pagespeed.ic.MIeYu dH4A Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат