Калаада Байтик баатырдын эстелиги жана анын атындагы сейил бак ачылды

Бишкекте, 5-мартта, Байтик баатырдын эстелиги жана анын атындагы сейил бак ачылды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, кыргыз элин улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнү жана Байтик баатырдын эстелигинин ачылышы менен куттуктаган.

Мамлекеттик катчы дүйнөдө баш кийимди кастарлап, сыймыктанып кийип жүргөн аз эле улут бар экенин жана алардын бири кыргыз эли экенин айткан.

Биз дүйнөнү санариптешкен заманда эч нерсе менен таң калтыра албайбыз. Башка улуттун өкүлдөрү кечээ эле ата-бабалары кийип жүргөн кийимдерин, колдонгон буюмдарын музейлерге сактап, сыймыктануу, мактануу менен көргөзүшөт. Салыштырмалуу кыргыз элинин бай тарыхыбыз бар, биз ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастар менен сыймыктанып, муундан-муунга өткөрүп турушубуз керек“, — дейт ал.

Мамлекеттик катчынын айтымында, айрымдар айкелдердин ачылышына каршы чыгып жатат, бирок биз башка элдер тургузган айкелдердин бир учуна да жеткен жокпуз.

«Журтубузда кыргыз тарыхына негиз салып кеткен, кайталангыс из калтырган баатырларыбызды эстеп жүрүшүбүз керек«, — деди ал.