Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы үчүнчү дивизиондогу командалар (В тайпасы) арасындагы дүйнө чемпионатын утту.
Мелдеш 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өттү.
Аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, Босния жана Герцеговина катышты. Командалар бири-бири менен айлампа түрүндө ойноду.
Кыргызстандын курамасы биринчи оюнунда Сингапурду 14:2, андан кийин Босния жана Герцеговинаны 10:1, үчүнчү оюнунда Малайзияны 22:0 эсебинде жеңди. Ал эми, төртүнчү оюнда кыргызстандыктар Ирандын хоккейчилерин 18:0 эсебинду утуп алды.
Соңку беттеште Гонконг менен ойноп, аларды 12:2 эсебинде жеңишти.
Кыргызстан В тайпасында бардык оюндарды жеңип, биринчи орун алгандыктан, үчүнчү дивизиондун А тайпасында ойноого мүмкүнчүлүк алды.
![Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатын жеңди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/x1674302.4d43faea7ffdf28591b7a556199af3c4.jpg.pagespeed.ic_.IPzsKfZGV5.webp)