Бишкектин үч конушунда таза суу 7-мартта өчүрүлөт

Эртең, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эртең саат 9:00дон 15:00го чейин аталган конуштардагы турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемеси жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.