Тогуз-Торо районунун эки айылында ашар жолу менен таза суу түтүктөрү тартылууда

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты жана Кара-Суу айылдарында ашар жолу менен таза суу түтүктөрү тартылууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул ишке жергиликтүү бюджеттен, эл аралык фонддон жана элдик салымдын негизинде каражат жыйналган.

Саамалыкка Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Марлис Олжотоев, “Макмал Голд Компани” ЖЧКнын эмгек жамааты, мекеме ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

“Биз биргеликте Тогуз-Торо районун алдыңкы жана күчтүү районго айлантабыз. Ар бир айылда ашар жолу менен болуп жаткан долбоорго райондун ар бир тургуну өз салымын кошуп, жардам көрсөттү, биз биргеликте райондун көйгөйлөрүн чечебиз”, – деген аким тургундарды биримдикке чакырды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор ишке ашса Табылгыты жана Кара-Суу айылдарында жергиликтүү калктын 80%ы таза суу менен камсыз болот.