Астанада Манастын эстелиги орнотулат

Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуулары боюнча маселелери талкууланды.

Алтынбек Максутов президентке Айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында (Казакстан) орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады.

Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планынын алкагында жетишилген.

Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду.

Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды. Постаментти граниттен жасоо пландалууда. Скульптура өзү колодон жасалат.

Астана шаарынын акимиаты тарабынан бөлүнгөн жер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин, эстеликтин тургузула турган жерине ылайыкташуусу үчүн азын-оолак оңдоолор киргизилиши мүмкүн.

Эстелик Астананын көрүнүктүү, эл көп жайгашкан жерине орнотулуусу пландалып, анда шаардыктар жана борбордун коноктору кыргыз архитекторлорунун эмгеги менен таанышууга мүмкүнчулүк алат.

Садыр Жапаров Айкөл Манастын образы жана духу эстеликте чагылдырылышы үчүн алдыда аткарыла турган иштерди жогорку деңгээлде камсыз кылууну тапшырды.

134766 1200x630 1 Астанада Манастын эстелиги орнотулат