Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты

Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 26-июнунан 30-июнуна чейин Казакстан Республикасынын Астана шаарында Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн “Адам сатуу менен күрөшүү: симуляциялык машыгуулар аркылуу ведомстволор аралык кызматташууну колдоо” аталышындагы аймактык симуляциялык тренинг болуп өттү. ЕККУ тарабынан уюштурулган окууга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын делегациялары катышты.


“Окуу иш-чараларына Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын биринчи башкармалыгынын начальниги Марлис Жумабаев, ыкчам кызматкер Султан Мадиев, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү Лира Жыргалбекова катышты. Делегациянын жалпы курамы 16 адамдан туруп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Тренингдин катышуучулары эмгек жана сексуалдык эксплуатациянын курмандыктарын аныктоо, аларга жардам көрсөтүү, ошондой эле адам сатуучуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмаларды аткарышты. Негизги милдет болуп жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери боюнча иликтөө жүргүзүү, тергөө бөлүмдөрүнүн ыкчам бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүүлөрү, ошондой эле укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн аныктоо жана кайра багыттоо боюнча болду”,
– деп айтылат маалыматта.


Тренингдин өзгөчөлүгү болуп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мындай кылмыштарды аныктоо жана иликтөө боюнча тажрыйба алмашуусу, адам сатууга байланышкан иштерди кароодо ведомстволор аралык жана чек ара кызматташуусун бекемдөө, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо жана жөнөтүү үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алуу болуп саналат. Андан сырткары, бул тренинг адам сатууга каршы күрөшүүдө натыйжалуу эл аралык кызматташууга салым кошо алат.
Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

59fba02c 8b47 445a 865f 469fe8e393c9 Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
79e371f1 9a8c 4d85 9699 15a30b643c01 Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
3be8597e dc30 4937 b97a da049d580141 Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
cce83c9b 64ad 4cdb 84d1 052e54f21ec9 Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
c7f2a585 d735 46ed a932 b9577e1b6d29 Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
ffdac09b 017a 4ede 9159 2f4fe147dfa4 Астанада ИИМ кызматкерлери адам сатууга каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты

ИИМдин Басма сөз кызматы