Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук – 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды

КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын маалыматында, 2023-жылдын 2-августунда 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы аскерлеринин, инженердик-сапердук түзүмдөрүнүн биргелешкен атайын-тактикалык «Достук – 2023» сабактарынын жана тренингдеринин жыйынтыктоочу салтанаты болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, аскер кызматчылар жана сабактардын жана тренингдердин катышуучулары катышты.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин жана Улуттук гвардиянын кол башчысынын атынан өзгөчөлөнгөн катышуучуларга сыйлыктар ыйгарылды. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине саякат уюштурулду.

Эскерте кетсек, биргелешкен атайын-тактикалык «Достук – 2023» сабактары жана тренингдери 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин 20636-аскер бөлүгүнүн “Эдельвейс” окуп-машыгуу борборунда өттү.

“Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарынан өтүштү. Атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу даярдыгы, байланыш боюнча сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөрү үчүн атайын даярдык сабактары да уюштурулду”, – деп айтылат маалыматта.

5694f063 eb26 4c80 a6fe d2e61b9e10bb Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды
83863f1a 079d 4bca aba9 5435d5e2ebda Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды
atuu Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды
1881e757 32b6 4b6b a984 87ed979e15b0 Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды
fffabeec 401d 4d73 81ac 6ca065e38690 Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды
b03ae9ba 6306 41b7 9259 8781926e134f Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды
b0eb69af d2cc 4411 a77c 26f72fb68708 Биргелешкен атайын-тактикалык «Достук - 2023» сабактары жана тренингдери жыйынтыкталды