Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камактагы мөөнөтү узарды

Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 26-сентябрга чейин камакта болот.

6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.