Орусияда кыргызстандык таксист сабалган. Элчилик үн катты

Социалдык тармактарда такси кызматынын айдоочусун бир нече жолу уруп жиберген адамдын видеосу тараган. Анда окуя Москвада болгону ал эми таксинин айдоочусу кыргызстандык жаран экени маалымдалган.

«Москвада кыргыз таксистти сабап салган, ал пиво ичимдикти унаада ичпесин деп суранган»,-деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле орус полициясы жабыркаган таксисттин арызын кабыл албай жатканы кoшумчаланган.

Ал арада Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында аталган Кыргыз Республикасынын жаранынын турган жерин аныктоо боюнча чараларды көргөнүн билдирип, учурда Элчилик жабыркаган мекендеш менен байланышта экенин кабарлады.

Кошумчалангандай ага бардык зарыл болгон юридикалык жардамдар көрсөтүлөт.