Урал дарыясынан 31 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

1-августта саат 21:15те Россиянын Орск шаарындагы Урал дарыясынан 31 жаштагы кыргыз жаранынын жансыз денеси чыгарылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, маркум сууга түшүүгө болбой турган жерден табылган. 31 жаштагы кыргызстандыктын жансыз денеси укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, алар маркумдун өлүмүнүн чоо-жайын, ошондой эле өлүмдүн чыныгы себебин аныкташууда.