ИИМ экстремизмди алдын алуу боюнча жаштар арасында тренинг өткөрдү

Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жаштар арасында экстремизмди алдын алуу аталышындагы тренинг өткөрүлдү

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине “Жаштар арасында улуттук аралык коркунучтарда жана зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу” аталыштагы тренинг өткөрүлдү.


Ич-чаранын ачылышында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров тренингдин катышуучуларына иш-чаранын максатын жана тапшырмаларын белгилеп, кызыгуу менен маек курууга чакырды.


Андан соң, КР ИИМдин эксперти Эрлан Бакиевге сөз берилип, “Экстремизмдин/терроризимди алдын алуунун укуктук негиздери жана жаштар арасында экстремизмди алдын алуу багытындагы мамлекеттик демилгелер”, “Зомбулук экстремизм жана экстремизмдин – түшүнүкү” жана “Диний булактарды укуктук талкулоосу” тематикада баяндамасы менен чыкты.


Мындан сырткары, ИИМдин теолог-эксперти Медер Карабаев катышуучуларга мультимедиялык көргөзмө аркылуу сын көз караштагы маалыматтарды талдоо жана ага баа берүү, диний агымдардын коомго таасир этиши, ошондой эле “Талибан” уюмунун Борбордук Азияга таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу баяндады.
Эксперттердин баяндамаларынан кийин катышуучулар баяндамачыларга кызыктыруучу суроолорун беришип, канааттандырарлык жоопторун алышты.
Аталган тренингдин жыйынтыгында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскер-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеевге жана Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын башкармалыгынын начальниги Мирбек Тюкебаевге жыйынтыктоочу сөз берилди.


Александр Елисеев өз сөзүндө, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси милиция кызматкерлеринин ишин ийгиликтүү аткарышына дайыма жардам көрсөтүп келаткандыгын белгилеп, “Экстремизм менен күрөшүүдө милиция жана билим берүү кызматкерлеринин бул чөйрөдө билимдүү болушу зарыл” – деп айтып кетти.
Мирбек Тюкебаев Александр Елисеевге терең ыраазычылыгын билдирип, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстанда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо материалдык жана моралдык жактан дайыма жардам көрсөтүп, иындан ары да кызматташууну бекемделишине ишеничин билдирди.
Ич-чаранын жыйынтыгында катышуучулардын бардыгына тиешелүү тастыктамалар берилди.

WhatsApp Image 2021 11 24 at 12.53.19 ИИМ экстремизмди алдын алуу боюнча жаштар арасында тренинг өткөрдү

ИИМдин Басма сөз кызматы