Садыр Жапаровдун тууганы коррупцияга шектелип кармалды

Президент Садыр Жапаровдун тууганынын уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК өздүк булактарына таянып жазды.

Белгилүү болгондой, Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелүүдө. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтөөдө. Учурда ал камакта.

Биринчи май райондук соттон билдиришкендей, Ж.У.Р. (Жапаров Улан Ракымжанович) аттуу жарандын баш коргоо чарасы 3-июлда каралып, ал 26-июлга чейин камакка алынган.