Дмитрий Песков: “Кыргызстандагы төңкөрүш аракети боюнча маалыматтар кооптуу”

Бүгүн, 5-июнда КР УКМК тарабынан төңкөрүш жасоого аракет кылгандарды массалык түрдө кармоо иштерин жүргүзгөнү боюнча РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирүү таратты.

Анын айтымында, Кремль бул маалыматты тыкыр көзөмөлдөп жатат.

Песков Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча маалыматтарды кооптуу деп атады. Анын айтымында, Кремль жаңылыктарга кылдат көз салууда.

“Албетте, мындай абдан тынчсыздандыруучу кабарлар келип жатат. Ошондуктан биз бул маалыматты тыкыр көзөмөлдөп жатабыз”, – деди ал журналисттерге.

Кремлдин басма сөз катчысы кошумчалагандай, “анын бул боюнча азырынча кеңири маалыматы жок”.

Эске сала кетсек, буга чейин УКМК мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандарды массалык түрдө кармоо иштерин жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат тараган.

Төңкөрүштүн активисттеринин жана шериктеринин аты-жөнүн, ошондой эле алар кайсы саясатчы менен байланышы бар экени айтылган жок.

Ал эми, УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек.