ВИДЕО: УКМК төңкөрүш уюштурууга шектүүлөрдү кармап жатат

УКМК өлкөдө төңкөрүш уюштурууга шектүүлөрдү кармоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу айрым ЖМКларга өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кармалгандардын арасында активисттер бар экени белгилүү. Кармалгандар канча адам экени жана кимдер кармалганы, арасында саясатчылар бар же жок экени азырынча белгисиз. Кармалгандар төңкөрүш уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, анда мыйзам бузгандары жада калса туугандары да кармала тургандыгын билдирген.

УКМК аталган иш боюнча маалымат бере элек.