Бишкекте уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 20-апрелде К.Р. аттуу жаран кайрылып, курулуш компанияларынын биринин кеңсесинен белгисиз жаран 3,5 миң доллар жана 120 миң сомду уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 429 миң сомду (4 миң 931 доллар) түзгөн.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.