Садыр Жапаров: тышкы карызыбыз 4,5 млрд долларды түздү

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, тышкы карызга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 31-мартына карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд. долларды түздү.

“Ооба, азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок, айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик баардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат.

Карызды алып жатканда, мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир минут дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык”, – деди ал.

Өз сөзүндө президент тышкы карыз 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөнүн мисал келдтирди.

“Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат. 2022-жылы 33,6 млрд сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд. сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд. сом, 2025-жылга 75,1 млрд. сом төлөө каралган. Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз.

Карызды башкаруу стратегиясында мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 70%дан ашпоосу керек деп белгиленген. Бизде, ИДПдан ашып түшкөн жылдар болгон. Маселен, 1999-жылы мамлекеттик карыз ИДПга карата 133%га көтөрүлүп кеткен. 2020-жылдын жыйынтыгы менен, мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 68 пайызга жеткен. Азыркы учурда мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга салыштырмалуу 53%га төмөндөдү. Бул көрсөткүч карыздын деңгээлинин туруктуу экенин, мамлекетибиздин экономикасынын өсүү темпинин ылдам жогорулап жатканын көрсөтөт”, – деди өлкө башчы.