
Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-майда милицияга аял киши кайрылып, анын 2004-жылы туулган кызы өз жанын кыйганы жатканын айтып, жардам сураган.
«Жерине барган милиция кызматкерлери 6-кабатта асылып турган кызды куткарып калышкан»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.