
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, жолугушууда эки тарап санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
“Өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык”,- деди Жапаров.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.