Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине барып, 100 миң сом тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров ардагерге Президент Садыр Жапаровдун атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү тапшырды.

Ошондой эле ал ардагерге жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, жакшылык жана бакубатчылык каалап, Улуу Ата Мекендик согушта өз өмүрүн кыйып, Жеңишке жетишкен жоокерлердин ынтымагын, биримдигин, бекемдигин жана берилгендигин белгиледи.