Бишкекте 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октбярь РИИБдин кызматкерлери барышып, фактыны тастыкташкан. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. 

“Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.