Жапаровдун Россияга расмий иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Россияга 7-9-майда болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи күнү Садыр Жапаров Москвада 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган Ржев мемориалды ачып, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык Жыйынынын Төрагасы Вячеслав Володин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Расмий сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Расмий сапардын акыркы күнүндө Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы менен келечегин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн чараларын талкуулашты.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров ардактуу конок катары Кызыл аянттагы аскердик парадга катышып, Москванын Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган иш-чаралардын соңунда Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Ошол эле күнү кечинде Мамлекет башчысы иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.