Муниципалдык жер жеке менчикке берилди. Мэрия менен ишкерди эмне байланыштырат?

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын бизге интервью берген кызматкери материал чыккандан кийин байланышты. Ал 1 чарчы метр жер 1500 сомдон бааланганын, жалпы жер 202 200 сомго сатылганын айтты. Буга чейин макалада 2200 сомго сатылганы билдирилген болчу. Ошол эле учурда мэрия жеке ишкер менен болгон келишим документтерин, комиссиянын курамында кимдер болгону тууралуу протоколду ачыктабай жатат.

2022-жылы 168,5 чарчы метр жер жеке ишкерге берилип кеткен. Сулайман-Тоо муниципалдык башкармалыгына караган бул жашыл зонанын бир чарчы метри 1500 сомго бааланган. Азыркы тапта менчикке өткөн жерде көп кабаттуу үй курулууда. Биздин редакция үй куруп аткан жеке ишкер менен мэриянын байланышын таап чыкты. Мындан тышкары, жер тилке ишкерге сынаксыз түз сатылып кеткен.

Жашыл аймак болгон

Жер тилкеси Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы А. Мамыров көчөсү, 33 дарегинде жайгашкан. Аны жеке менчикке берүү боюнча токтом 2022-жылдын 21-июнунда чыккан. Жалпы 168, 5 чарчы метр аянттагы тилкени жеке колго берүүгө ошол кездеги вице-мэр Жасур Азимов кол койгон. Ош шаарынын башкы планында алгач жашыл аймак катары көрсөтүлгөн жер тилкесин «АртСтройБат» ЖЧКсы сатып алган.  

Долбоорлоо инстутуту жер тилкесинин багытын өзгөрткөн соң, мэрия аны жеке менчикке берүү тууралуу токтом чыгарган. Ал эми Кадастр мекемесине жеке менчикке күбөлүк даярдап берүү, каттоодон өткөрүү милдети жүктөлгөн.

tggggg5g Муниципалдык жер жеке менчикке берилди. Мэрия менен ишкерди эмне байланыштырат?

Көп кабаттуу үй салынууда

Учурда жеке менчикке берилген жерге аны сатып алган «АртСтройБат» компаниясы көп кабатту үй курууда. Ишкананын социалдык тармактагы баракчасындагы сүрөттөр бул маалыматты тастыктайт.  Курулуш болжолдуу өткөн жылдын жазында башталган.

343719539 738937031302701 3492448489185209190 n e1683099463595 Муниципалдык жер жеке менчикке берилди. Мэрия менен ишкерди эмне байланыштырат?

«1,5 млн сомду өндүрүү иштери жүрүп жатат»

Ош шаардык муниципалдык менчик баркармалыгы аталган жер тилке 2022-жылы жеке менчикке сатылганын ырастады. Сатуу боюнча чечимди атайын комиссия чыгарган, бирок мэрия комиссиянын курамына кимдер киргенин ачыктаган жок:

«2022-жылдын 13-июнда каралган. Азыр кайра баалого берилип жатат. Башында бааны көз карандысыз баалоочу баалаган экен. 202200 сомго сатылган экен. 1 чарчы метри 1500 сомдон болуп калат. Ушул боюнча кайра текшерүү жүргүзүлүп, учурда 1 млн. 447 миң сомду өндүрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп билдиришти муниципалдык менчик башкармалыгынан.

«Кадастр» кызматы аталган жер тилкени «АртстройБат» ЖЧКсына каттап, күбөлүк берген. Бул маалыматты мекеменин башчысы Иляз Сансызбаев ырастады.

«АртСтройБат» компаниясы менен мэриянын байланышы

Юстиция минстрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «АртстройБат» ЖЧКсына Афтандил Атанбаев ээлик кылат. Компания 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, курулуш менен алектенет.

%D0%B0%D1%80%D1%82%D0%BB%D0%B0%D0%B1 Муниципалдык жер жеке менчикке берилди. Мэрия менен ишкерди эмне байланыштырат?

Афтандил Атанбаев Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылдык кеңешине депутаттыкка 2021-жылы талапкер болгон. Мындан тышкары, ал буга чейин Ош шаарындагы «Изюм» ресторанында иштеген.  

Биз Афтандил Атанбаевдин социалдык тармактагы сүрөттөрүнөн Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевди кезиктирдик.

344743975 3400692630185693 1630449260891438028 n Муниципалдык жер жеке менчикке берилди. Мэрия менен ишкерди эмне байланыштырат?

 «АртСтройБаттын» ээси Афтандил Атанбаев жана Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин бирге түшкөн сүрөттөрү. Сүрөттөр болжолдуу ишкердин тоюнда тартылган. Булак: социалдык тармактар

Мэриядан түз жер сатып алган курулуш компаниянын ээси менен шаардын биринчи вице-мэринин байланышын тастыктоо иретинде ишкердин өзү менен  бир нече күн байланышууга аракет кылдык. Бирок, «АртСтройБаттын» сатуу бөлүмүнүн өкүлү өзү байланышаарын айтып тим болду.

Ал эми Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Афтандил Атанбаевди тааный турганын, мурда  «Изюм» ресторанында иштеп кеткенин  ырастады. Бирок, жерди кантип алганы боюнча билбей турганын жана «АртСтройБат» курулуш компаниясы менен байланышым жок деп ишендирди:

«Афтандилди тааныйм. Мурда иштеп кеткен. Эми “Изюмда” ошончо жылдан бери көп эле адамдар иштеп кетти да. Көчөдө көрүп калсак учурашабыз. Бизнестин кожоюну катары байланышым жок. Ал эми жер боюнча мен өткөндө соц. тармакка чыгып, менин атым аталганда уктум. Сүрөт боюнча айтсам, чакырганда барсам керек. Ал эми сатылган жер боюнча билбейм, мен бюджетти караган вице-мэрмин да. Мунун мага тиешеси жок. Арзан сатылган болсо кайра төлөмүн төлөтүш керек. Баалоочу эмнеге андай баалаган аны да карап коюш кажет. Мыйзам бузулбашы керек. Азыр эми жетекчиликтин эч кандай жер сатылбасын деген талаптары айтылган, аны биз толук аткарабыз», — деди Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев.

«Токтом мыйзамсыз кабыл алынган»

Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтому бар. 

Анда жерлер 3 тоорук менен берилиши керектиги көрсөтүлгөн. 

  1. аукцион (тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат);
  2. конкурс (сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу);
  3. түз сатуу (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;

Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул типтүү жобого ылайык жерге укукту берүү боюнча комиссия түзүлөт.

«Аталган токтом мыйзамсыз кабыл алынган. Анын негизинде жеке менчикке берилип кеткен. Жеке менчикке берүү тууралуу токтомдо тоорукта түз сатуу деп көрсөтүлгөн. Бирок мыйзамда андай эмес. Алар көрсөткөн мыйзамда ижара укугу жөнүндө сөз болуп жатат. Анан токтомдо комиссиянын чечими менен деп турат. Комиссияга кимдер кирген, кандай чечим кабыл алганы протоколго жазылыш керек. Түз сатуу менен жеке менчикке берүү мыйзамсыз», — дейт юрист Асылбек Кунгуров.

Жыйынтык: Ош мэриясы муниципалдык жерди ишкерге сынаксыз, 1 чарчы метрин 1500 сомдон түз сатып жиберген. Сатып алган ишкер менен вице-мэрдин чогуу түшкөн сүрөттөрү бар. Учурда жер тилкесине көп кабаттуу үй курулууда.