Кремлге сокку уруу аракети болду

3-майга караган түнү эки украиналык дрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Кошумчалангандай, Путин ал учурда Кремлде болгон эмес, бүгүн ал Ново-Огареводогу резиденциясында иштеп жатат.

Маалыматка караганда, эч ким жабыркаган эмес жана Путиндин иш жадыбалы өзгөргөн жок.

Орус медиасы дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын кабарлады.