Одесса шаарына орус аскерлери сокку урду

Украинанын Кара деңиздин жээгиндеги Одесса шаарына жекшембинин таңында орус аскерлери сокку урду. Бул тууралуу украин Ички иштер министрлигинин өкүлү Антон Геращенко Telegram сайтында билдирди.

“Айрым райондордо өрт чыкты, орус учактарынын кээ бирлери жок кылынды”,- деп жазды. Маалыматты Одесса шаардык кеңешинин Телеграм-каналы тастыктады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Одессанын бомбаланышы тууралуу маалымат берген жок. Бирок аба күчтөрү Украинанын 28 аскер обьектисине чабуул койгонун билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский 2-апрелде Орусия аскерлерин Киев менен Черниговдон чыгарып кетип, өлкөнүн түштүк тарабынан “катуу чабуулга даярданып жатат” деп айткан.

Бул аралыкта орус-украин сүйлөшүүлөрүндөгү Орусия делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский сүйлөшүүлөр максатына жетпей, президенттер Зеленский менен Путиндин саммитине жол ача албай жатканын Telegram каналына жазды.

Мединскийдин айтымында, “Орусиянын Крым жана Донбасс боюнча позициясы өзгөрүүсүз калат”.

Орусиянын Коргоо министрлиги түшүндүргөндөй, видеодо Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн Ка-52 тик учактары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн позицияларын жок кылууда. Тик учактын экипаждары башкарылуучу жана башкарылбаган ракеталарды төмөн бийиктиктен учуруп жатышат.

Соккулардын натыйжасында, украин армиясынын токойдо жамынган бронетехникалары жок кылынган.