Украинанын Орусиянын Белгород шаарын өрттөгөн эмес

Украинанын Орусиянын Белгород шаарындагы күйүүчү май базасында болгон өрткө тиешеси жок. Бул тууралуу украин Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди.

“Орусия эмнегедир биз кылган иш деп айтып жатышат. Бул чындыкка коошпойт. Муну комментарийлебейбиз”, – деди.

Буга чейин украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Белгороддогу өрткө Украинанын тиешеси тууралуу маалыматты ырастап да, төгүндөп да албасын Reuters агенттигине айткан. Ушундай эле позициясын украин Коргоо министрлиги билдирген.

1-апрелде эртең менен «Роснефттин» Белгороддогу мунай кампасында өрт тутанган. Облус губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, украин тараптан келген эки тик учак сокку урган.

Бир нече күн мурун Белгород облусунда жардыруулар болгондо себебин курал-жарак кампасында чыккан өрт менен түшүндүрүшкөн.

Өткөн аптада сөз болгон аймактын Украина менен чек арага жакын жердеги бир нече айылында чукул кырдаал режими киргизилген. Анын алдына губернатор украиналык делген дүрмөт жарылганын айткан.