Кыргызстан донорлордон 9 млрд 945 млн сом алат

2022-жылы Кыргызстан эл аралык каржы донорлордон мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 9 млрд 945 млн сом алат. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, 663 млн (7,5 млн доллар) сом Дүйнөлүк банктан, 2 млрд 210 млн сом (25 мл. доллар) Азия өнүктүрүү банкынан жана 7 млр. 72 млн сом (80 мл. доллар) Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан алынат.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан, быйылкы бекитилген бюджеттин 47 млрд 481 млн сому сырттан алына турган каражат болмокчу.

2022-жылга жалпы мамлекеттик бюджет 403,9 млрд сом деп бекитилген. Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд сом, чыгашасы 291,2 млрд сом болот.