4-апрелде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат

Эртең, 4-апрелде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, жылуулук берүү күндүн табы 5 күн катары менен 8 градустан жогору болгон мезгилден баштап токтотулат.