Касым-Жомарт Токаевге кол салууга камынган адам кармалды

Казакстандын атайын кызматы өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин өмүрүнө кол салууну пландаган жаранды кармады.

Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетине таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

403033 3 Касым-Жомарт Токаевге кол салууга камынган адам кармалды

2022-жылдын 25-мартында Нур-Султан шаарында УКМКнын атайын кызматы Казакстандын президентине кол салуу аракетин пландап жүргөн чет элдик чалгын агенти, республиканын жараны “А” аттуу жаранды кармады”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары кармалган адам башка жогорку кызматтагы адамдарга кол салуу аракетин даярдаган деп шектелүүдө.