Балбак Түлөбаев: “блогерлердин укугун ЖМКдан бөлүү керек”

Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү буга бүгүн 40 миң доллар пара алууга шектелип кармалган блогерди мисал келтирди. Ошол эле учурда ал блогерлердин укугун ЖМКдан бөлүп, аларга өзүнчө жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

“Президентти баш кылып көрүнгөндү жамандап келген, анан минтип бүгүн пара менен кармалды. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык, кандай кылабыз? Баарын дебейин, айрымдары мамлекеттик органдарга кирип алып “мен блогермин” деп ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат. Өкмөт менен бир чечимге келишибиз керек. Убакыт келди, ээнбаш, ичи арам блогерлерди бөлүп, бир тартипке келтиришибиз зарыл”, — деди депутат.

Эске салсак, 18-апрелде 76 жаштагы адам блогерге чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, апрель айынын башынан бери 40 миң доллар талап кылып, болбосо видеону массалык маалымат каражаттарына жарыялайм деп коркутуп жүргөн. Опузалап алынган суммадан блогер 37,3 миң доллар алганын айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Улан Бекмуратов аттуу жаран кармалган.