Чүйдө 437 жаранга кызыл китеп тапшырылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 437 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтер атайын комиссиянын чечими менен жактырылды. Кызыл китепке ээ болгондор төрт конуштун тургундары. Жалпы район боюнча ушуну менен миңден ашуун турак жай мыйзамдаштырылган.

357201586 592093153054116 4479183577485476263 n Чүйдө 437 жаранга кызыл китеп тапшырылды