Тыштан келген гуманитардык жардамдар боюнча эми отчет берилет

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында депутаттар “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбоорун депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Айсаракан Абдибаева, Винера Раимбачаева жана Тазабек Икрамов тарабынан демилгелеген.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстанга жөнөтүлгөн эл аралык чукул жардамды бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында, өзгөчө кырдаалды жоюу жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык чукул жардам көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин 6 айдын ичинде Министрлер кабинетинин расмий сайтына “Кыргызстанга келип түшкөн эл аралык чукул жардамды пайдалануу жөнүндөгү” отчетту жарыялоону милдеттендирген ченемди киргизүү сунушталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.