
Бишкекте бүгүн саат 11:00 чамасында №4 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшкөн.
Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.
Мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.