Аламүдүн районунда жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин А.Б. аттуу жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, Ленин айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К.га карата чара көрүүнү суранган.

«Буга чейин депутат Ленин айылынын тургундарын чогултуп, баарын аймактарга бөлө баштаган. Арыздануучу башка аймактардан келген жергиликтүү тургундардын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында өз алдынча тартип орнотуп, аларга орун жок экенине нааразы болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар ​​аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Депутат убактылуу кармоочу жайга камалды», – деп айтылат маалыматта.