Мал базардагы уурулук: экинчи шектүү кармалды

Буга чейин ​Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор социалдык тармактарга тараган.​ Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдирди.

«Бул кылмышка шектүү катары анын шериги, 1981-жылы туулган жаран кармалды»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-апрель күнү өзүн ​Бишкек шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган жаранды ​мал базарда жүргөн адамдар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, электр мамыга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап, ур-токмокко алышкан.

Текшерүүдө​ Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан ​60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан ​уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын ​тургуну да мал базардан ​кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан​ уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал​ Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын ​1989-жылы туулган тургуну ​экени белгилүү болгон. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.

Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери ​иш алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталган. Шектүүнү милицияга алып келишип, аты-жөнүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп ​жатышат.