Нарында мас абалында окуучу кызды өлтүргөн адам кылмышты мойнуна алды

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган 64 жаштагы жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү кылмыш жасаганын мойнуна алган. Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, 28-апрелде саат 21:00 чамасында милицияга Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну кайрылып, кызы ошол күнү саат 12де мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү айыл эли издөө иштерин уюштуруп, саат 22:10 чамасында айылдагы кароосуз калган үйдүн ичинен кыздын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Милиция тарабынан кылмышка шектүү делип 64 жаштагы Ш.Х. аттуу айыл тургуну кармалган. Ал мас абалында болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.